Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 21-июну № 2/4
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары төмөндөгүдөй курамда бекитилсин.
1. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы түзүлүп, курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин.
1. Молдокулова Гүлмира Исаевна
2. Чылабаев Самат Кубанычбекович
3. Элтуйбасов Бактыбек Карагулович
2. Регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы түзүлүп, курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин.
1. Алышпаева Светлена Турашовна
2. Бактыбек уулу Майрамбек
3. Кубанычбек уулу Адилет
3. Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы түзүлүп, курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин.
1. Айманова Сейилкан Койгелдиевна
2. Келдибек уулу Рысбек
3. Эгинчиева Чолпонкүл Ниязалиевна
3. Туруктуу комиссиялар айыл аймагынын айылдык Кеңешинин иш планына ылайык өздөрүнүн иш пландарын иштеп чыгышсын жана анын аткарылышын камсыз кылышсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|