Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 23-июну № 3/7
К. Соодаев атындагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыя айылындагы К. Соодаев атындагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы С. Айманованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыя айылындагы К. Соодаев атындагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы С. Айманованын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ак-Кыя айылындагы К. Соодаев атындагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы С. Аймановага айыл элин сапаттуу тейлөө, социалдык оорулардын алдын-алуу, каттоодо турган жарандардын ал абалын өз убагында билип туруу, рецепт менен бериле турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен медициналык биринчи жардамды өз учурунда көрсөтүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|