Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 23-июну № 3/10
№14 Жол тейлөө мекемесинин жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айылындагы №14 жол тейлөө мекемесинин 2020-2021-жылдары жүргүзгөн иштери жана кышкы жол күтүүгө карата даярдыгы жөнүндө мекеменин башчысы К. Базаровдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. №14 жол тейлөө мекемесинин башчысы К. Базаровдун 2020-2021-жылдары жүргүзгөн иштери жана кышкы жол күтүүгө карата даярдыгы жөнүндө маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айылдын ичиндеги жолдордун ремонтуна жана жол белгилерине өзгөчө көңүл буруу жагы мекеменин башчысы К. Базаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|