Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 23-июну № 3/12
Сары-Булак айылынын айыл башчысынын маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айылынын айыл башчысы Т. Абдыкеримовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айылынын айыл башчысы Т. Абдыкеримовдун 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары-Булак айылынын тургундары менен тыгыз байланышта иш алып баруу, маалыматтарын убагында кечигүүсүз берүү, тиешелүү тармакта суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо, калкты, калктуу конуштун аймагын коргоо жана өз компетенциясынын чегинде актуалдуу баардык маселелерди чечүү жана аткаруу жагы Сары-Булак айылынын айыл башчысы
Т. Абдыкеримовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|