Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2021-жылдын 23-июну № 3/13
2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 3-6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы тиштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, 2021-2022-жылдары Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасаган иштери боюнча Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2021-2022-жылдары Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын аткарылышы боюнча кечиктирилгис иш алып баруу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|