Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясы
2021-жылдын 17-майы № 1/1
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо боюнча депутаттардан түзүлгөн
эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесинин 7-бөлүгүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 5-бөлүмүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо боюнча депутаттардан түзүлгөн эсептөө комиссиясынын курамына төмөндөгү сунуш кылынган депутаттар бекитилсин:
1. Зарылбек уулу Айбек
2. Молдокулова Гүлмира Исаевна
3. Эгинчиева Чолпонкүл Ниязалиевна
2. Эсептөө комиссиясы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 5-бөлүмүнө ылайык иш алып барышсын.
Айылдык кеңештин депутаты, сессияга төрагалык кылуучу |
Г.И. Молдокулова |
|