Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХV сессиясы
2021-жылдын 19-марты № 35/189
Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинин» 337-статьясынын 6-пунктуна ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтү боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары айылдык кеңештин 14-март 2018-жылдагы №13/62 токтомунун негизинде төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
1. Кайрак айдоо -1,0 га -60 сом;
2. Чабындылар -1,0 га -50 сомдон белгиленгени эске алынып, эч өзгөрүүсүз калыбында калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарга киргизилген айыл чарба жерлери үчүн айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдө ошол район үчүн жер салыгынын базалык ставкасынын 50% пайыз өлчөмүндө жеңилдик белгиленгени эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|