Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХХХV сессиясы
2021-жылдын 19-марты № 35/191
Айылдын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесине, Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 10-бөлүмүнүн 10,1 бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 11-бөлүгүнүн 11,5 бөлүкчөсүнө ылайык айылдын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Т. Жумамүдүн уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Устаынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалануу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамааттыштыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөн жамааттын мүчөсү болгон төмөндөгү адамга айылдын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.
1. Шадыбаев Замирбек Маратович
2. Сары-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамына көрсөтүлүп жаткан атуулдун күбөлүгүн алып берүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|