Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 33/169
Калкты маданий жактан тейлөөдө маданият үйүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык калкты маданий жактан тейлөөдө Каракужур айылдык маданият үйүнүн жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Каракужур айылдык маданият үйүнүн башчысы Р. Токтоматовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Каракужур айылдык маданият үйүнүн башчысы Р. Токтоматовдун жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Даталуу күндөрү маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук уюмдар, жалпы эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу жагы Каракужур айылдык маданият үйүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |
|