Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 33/170
Калкты маданий жактан тейлөөдө К. Токомбаева атындагы №16 Каракужур айылдык китепкананын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык калкты маданий жактан тейлөөдө К. Токомбаева атындагы №16 Каракужур айылдык китепкананын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө китепкананын башчысы
А. Асанакунованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. К. Токомбаева атындагы №16 Каракужур айылдык китепкананын башчысы А. Асанакунованын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Китеп окуучулары менен ар кандай маданий иш-чараларды, тегерек столдорду өткөрүү, коомдук уюмдар жалпы эл менен тыгыз байланышта иш алып баруу жана долбоор жазып китеп фондусун жаңыртуу жагы китепкананын башчысы А. Асанакуновага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |
|