Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 33/172
Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылынын айыл башчысынын маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайыкСары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылынын айыл башчысы Т. Абдыкеримовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылынын айыл башчысы Т. Абдыкеримовдун жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Сары-Булак айылынын тургундары менен тыгыз иш алып баруу, маалыматтарын убагында кечигүүсүз берүү, тиешелүү тармакта суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо, калкты жана калктуу конуштун аймагын коргоо жана өз компетенциясынын чегинде актуалдуу баардык маселелерди чечүү жана аткаруу жагы Сары-Булак айылынын айыл башчысы Т. Абдыкеримовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |
|