Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 33/173
Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин 2020-жылда жүргүзгөн иштери жана 2021-жылга карата ички тартип эрежелерин, төлөө тарифтерин, иш планын жана элдик жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылында 2020-жылдын 29-декабрь №6 элдик жыйындын протоколун жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2020-жылы аткарган иш-аракеттери канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата иш планы, төлөө тарифтери жана Ак-Кыя айылында болгон 2020-жылдын 29-декабрь №6 элдик жыйындын протоколу бекитилсин
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чарба китебинде каттоодо турган мал башы үчүн акы төлөө төмөндөгүдөй тартипте ;
- бир шарттуу мал башына 60 (алтымыш) сомдон;
- бир баш топозго 400 (төрт жүз) сомдон бекитилсин.
4. Сары-Булак айыл аймагынын аймагындагы жергиликтүү тургундарга төмөндөгүдөй ички тартип эрежелери бекитилсин:
- каттоодон жашырып койгон малдары үчүн жайыт акынын 10 (он) эселеген түрүндө айып пул төлөө жагы жана 5 (беш) календарлык күндө жашырган малдарын айыл өкмөтүнүн аймагынан чыгарып кетүү;
-эскертүүлөргө карабай уруксатсыз 5 (беш) календарлык күндө да малдарын чыгарып кетпеген учурда акт жазылып, «Бузуулар кодекси» боюнча иши каралаары;
5. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сырттан мал башын киргизбөө жагы бекитилсин.
6. Жайыт акыларынын өндүрүлүшүн камсыз кылуу жана мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |
|