Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 33/174
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана 46-беренесинин
3-бөлүгүнө ылайык 2020-2021-жылдары Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын 2020-жыл ичинде аткарылышы боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдары Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасынын 2020-жыл ичинде аткарылышы боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовдун маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-2021-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнүн программасын аткарылышын камсыз кылуу жагы
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |
|