Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIII сессиясы
2020-жылдын 30-декабры № 33/176
Айылдын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесине, Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 10-бөлүмүнүн 10,1 бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 11-бөлүгүнүн 11.5 бөлүкчөсүнө ылайык айылдын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Т. Жумамүдүн уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтүндөй үй-бүлөөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөң жамааттын мүчөлөрү болгон төмөндөгү адамдарга айылдын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.
1. Алышпаева Светлена Турашовна
2. Асанбеков Ишеналы
3. Бейшеналиев Майрамбек
4. Дүйшөнбиев Ырысбек Чычканбаевич
5. Жумалиев Сапарбек
6. Касымова Анаркан Жунусовна
7. Мажикова Жибек
8. Нааматова Нуржан
9. Сексенбаева Майрамкүл
10. Токтоматова Алтынай Сопубековна
2. Сары-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамына көрсөтүлүп жаткан атуулдардын күбөлүгүн алып берүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |
|