САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIV сессиясы
2021-жылдын 21-январы № 34/177
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н. Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 6 710 336 сомго, чыгашалары 5 954 203 сомго аткарылганы белгиленсин.
2. Жыл башында калган калдык 324 344 сомго, жыл аягында калган калдык 1 080 477 сом өлчөмүндө бекитилсин.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |
|