Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIV сессиясы
2021-жылдын 21-январы № 34/178
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетин, 2022-2023-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн
2-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы
Н. Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2021-жылга Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү боюнча 5 951,0 миң сомго, мунун ичинен жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелер 2 945,3 миң сом, теңдештирүүчү грант 3 005,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2021-жылга Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары 5 951,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн кирешелери төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ | Киреше булактары | Берилген план |
1 | Киреше салыгы | 1 681,0 |
2 | Ыктыярдуу патенттен түшүүчү салык | 38,0 |
3 | Кыймылсыз мүлккө салынуучу салык | 9,0 |
4 | Транспорт салыгы | 134,0 |
5 | Жер салыгы физикалык тарап | 12,5 |
6 | Жер салыгы юридикалык тарап | 27,6 |
7 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 37,0 |
8 | ФПС тин аренда акысы | 138,2 |
9 | Тазалык жыйым | 5,0 |
10 | Атайын каражаттан түшүүчү салык | 53,0 |
11 | Инфро структураны өнүктүрүү | 80,0 |
12 | Рояльти | 150,0 |
13 | Жайыт | 550,0 |
| Баардык киреше | 2 945,3 |
| Теңдештирүүчү грант | 3005,7 |
| Жалпы киреше | 5 951,0 |
4. Чыгашалар бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин:
1. Мамлекеттик кызмат боюнча:
№ | Статьялардын аталышы | Сумма (миң сом) | |
1 | 2111 | Эмгек акыга | 2 947,0 |
2 | 2121 | Соц фондго чегерүү | 435,6 |
3 | 2212 | Байланыш чыгымы | 35,0 |
4 | 2215 | Ар кандай чыгымдарга | 60,0 |
5 | 2224 | көмүр | 28,0 |
6 | 2232 | Электр энергия | 65,0 |
Баары: | 3570,6 | ||
2. Маданият тармагы боюнча:
Клуб | |||
№ | Статьялардын аталышы | Сумма (миң сом) | |
1 | 2111 | Эмгек акыга | 216,0 |
2 | 2121 | Соцфондго чегерүү | 37,3 |
3 | 2231 | Электр энергия | 14,8 |
Баары: | 268,1 | ||
Китепканалар | |||
№ | Статьялардын аталышы | Сумма (миң сом) | |
1 | 2111 | Эмгек акыга | 326,4 |
2 | 2121 | Соцфондго чегерүү | 56,3 |
3 | 2224 | көмүр | 16,8 |
4 | 2231 | Электр энергия | 14,8 |
Баары: | 414,3 | ||
3. Агартуу тармагы боюнча:
Мектептер | |||
№ | Статьялардын аталышы | Сумма (миң сом) | |
1 | 2224 | көмүр | 207,2 |
2 | 2231 | Электр энергия | 690,6 |
Баары: | 897,8 | ||
Бала бакча | |||
№ | Статьялардын аталышы | Сумма (миң сом) | |
1 | 2218 | Тамак ашка | 124,2 |
2 | 2224 | көмүр | 28,0 |
3 | 2231 | Электр энергия | 45,0 |
4 | 2218 | Атайын каражаттан | 53,0 |
Баары: | 250,2 | ||
4. Жайыт боюнча: | |||
№ | Статьялардын аталышы | Сумма (миң сом) | |
1 | 2115 | Ар кандай чыгымдар | 450,0 |
2 | 3111 | Имарат курууга | 100,0 |
Жалпысы: | 550,0 | ||
|
| ||
5. 2022-жылга болжолдуу киреше 5 843,8 миң сом, мунун ичинен теңдештирүүчү грант 2 959,1 миң сом жана жергиликтүү салыктан түшүүчү акча каражаты 2 884,7 миң сом,
2023-жылга болжолдуу киреше 5 943,2 миң сом, мунун ичинен теңдештирүүчү грант 2 982,5 миң сом жана жергиликтүү салыктан түшүүчү акча каражаты 2960,7 миң сом болуп белгиленсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |