Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIV сессиясы
2021-жылдын 21-январы № 34/180
«Жанчар-Булак» ИСКАКБнын 2020-жылда жүргүзгөн иштери жана 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы «Жанчар-Булак» ИСКАКБнын төрагасы Т. Жумамүдүн уулунун калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, суу акыларынын өнүшү боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Жанчар-Булак» ИСКАКБ нын 2021-жыл үчүн түзүлгөн бюджетин бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, суу башатын толук көзөмөлгө алуу, бюджетинин аткарылышын камсыз кылуу жагы «Жанчар-Булак» ИСКАКБнын төрагасы Т. Жумамүдүн уулуна милдеттендирилсин.
3. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда «Жанчар-Булак» ИСКАКБнын ишине көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |
| Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXXIV сессиясынын 21.01.2021. №34/180 токтомуна тиркеме |
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы «Жанчар-Булак»
ИСКАКБнын 2021-жыл үчүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү
Киреше бөлүгү:
№ | Аталышы | Суммасы (миң сом) |
1 | Айыл элинен түшүүчү акча | 32 040 |
2 | Мекемелерден түшүүчү акча | 6 840 |
3 | Үйлөрүнө суу киргизген жарандардан түшүүчү акча | 39 000 |
Баары: | 77 520 | |
Чыгаша бөлүгү:
№ | Аталышы | Суммасы (миң сом) |
1 | Айлык акы | 24 000 |
2 | Соц.фонд | 6 540 |
3 | Кайтарым акча | 10 572 |
4 | Ремонт үчүн | 9 000 |
5 | Ар кандай чыгым | 18 332 |
6 | СЭС | 2 750 |
7 | Сатуудан түшкөн салык 3% | 2 372 |
8 | Рояльти 5% | 3 954 |
| Баары: | 77 520 |
«Жанчар-Булак» ИСКАКБнын эсепчиси:- |
У. Көчөрбаев. |