САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIV сессиясы
2021-жылдын 21-январы № 34/181
Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда «Бүлөтү» ИСКАКБнын төрагасынын маалыматын угуу жөнүндө
Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда Сары-Булак айылындагы «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин төрагасы Т. Абдыкеримовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууда «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинде бир катар иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгиленсин.
2. «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин 2020-жылда келтирилген кемчиликтерди аткаруу жагы ИСКАКБнын төрагасы Т. Абдыкеримовго милдеттендирилсин.
3. «Бүлөтү» ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин ишине көзөмөлдүктү күчөтүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |
|