САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIV сессиясы
2021-жылдын 21-январы № 34/183
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу келечек планы бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл өкмөтү келечек планды аткаруу менен айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери үчүн ижара акынын чогулушу жана пайдаланышы боюнча айылдык Кеңешке маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Иманкуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
Э. Макишовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |
|