Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIV сессиясы
2021-жылдын 21-январы № 34/184
Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен түзүлгөн типтүү келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын берүүнүн тартиби жөнүндө» 2013-жылдын 9-июлундагы №127 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын 17-мартындагы №145 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин 2-3-бөлүктөрүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан берилген ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н. Курмановго келишимде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнөн которулган акча каражатынын жергиликтүү бюджетке которуулуусуна көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |
|