Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIV сессиясы
2021-жылдын 21-январы № 34/185
Айылдын атуулдарын сыйлоо жана айылдын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесине, Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 10-бөлүмүнүн 10,1 бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламентинин 11-бөлүгүнүн 11.5 бөлүкчөсүнө ылайык айылдын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Т. Жумамүдүн уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставынын талаптарын үлгүлүү аткарган, коомдук пайдалуу эмгекке активдүү катышкан, кайрымдуулук акцияларына, демөөрчүлүккө такай көмөктөшкөн, жамаатташтыкка өтө пайдалуу ар кандай кызматын көрсөткөн, өзүнүн жана бүтундөй үй-бүлөөсүнүн жүрүм-туруму боюнча эң жогорку үлгү көрсөткөң жамааттын мүчөлөрү болгон төмөндөгү адамдарга айылдын «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылсын.
1. Амангелдиева Үпөл
2. Бекдөөлөтов Орозобек
3. Казиев Асыранбек
4. Молдогазиев Акылбек
2. Мугалимдик ишиндеги жетишкендиги жана кесипкөй мамилеси, жогорку жоопкерчилиги үчүн «Айылдын мыкты мугалими» төш белгиси менен Ү. Бейшеев атындагы орто мектебинин директору Т.А. Элтуйбасов жана Шамен атындагы орто мектебинин мугалими С.Б. Жумаева сыйлансын.
3. Сары-Булак айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлүп жаткан атуулдун күбөлүгүн алып берүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
Төрага |
Т. Жумамүдүн уулу |
|