Редакцияот 21.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Депутаттардын VI чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги ХХХIV сессиясы

 

2021-жылдын 21-январы № 34/187

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кайрылуу катын кароо жөнүндө

 

 Сары-Булак айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетиндеги акча каражатын төмөндөгүлөр үчүн пайдаланууга:

№

Аткарылуучу жумуштар

Сумма (миң сом)

1

Жайыт билетине

12,0

2

2021-жылга карата кыштоодогу мектеп окуучуларды ташуучу автоунаанын күйүүчү майына

19,8

3

Чагылган тартуучу темир домонун (вышканын) сметасын түздүрүүгө

18,0

4

Учурдагы керектен чыккан союз убагындагы чагылган тартуучу домону (вышканы) калыбына келтирүүгө

119,3

 

Баардыгы

169,1

Жалпысы: 169 100 сом акча каражаты бекитилип берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ы. Элтуйбасовго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Т. Жумамүдүн уулу