Загрузка документа…
АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХIХ сессиясы
2020-жылдын 18-ноябры № 39/1
Ак-Кыя айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынынын өкүлдөрүнүн,коомдук уюумдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын чогулуштарынын Ак-Кыя айыл аймагынын №4132 Жаны-Жол участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорун карап жана талкуулап Ак-Кыя айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ак-Кыя айыл аймагындагы №4132 Жаны-Жол участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөткөн, жашаган жана иштеген жеринен шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.
№4132 Жаны-Жол участкалык шайлоо комиссияларынын резервине тизмеге ылайык талапкерлердин тиешелүү документтери Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
Сунушталган участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунуш кылынсын.
Төрага | Р. Зарлыков |