Редакцияот 27.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХ сессиясы

 

2021-жылдын 27-январы № 40/1

Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

 

                  Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жыл учун муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү боюнча ФЭБ башчысы-башкы эсепчиси Р.Калмамбетованын жана айылдык кеңештин экономика-бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXXX сессиясы токтом кылат.

 

1.    Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жыл учун муниципалдык кызматкерлеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны  төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

 

1.     1 штат - Айыл өкмөт башчысы

2.     1 штат - Айыл башчы

3.     1 штат - Жооптуу катчы

4.     1 штат - Бөлум башчы- башкы эсепчи

5.     3 штат-  Башкы адис          

6.     2 штат - Жетектөөчү адис 

7.     2 штат - Адис                      

8.     2 штат - Аскердик эсепке алуу столунун инспектору 

9.    1 штат-  Техникалык тейлөөчү кызматкер

10.  1 штат- Кенже тейлөөчү кызматкер

 

Жыйынтыгы: 15 штат.

 

2.    Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин штаттык ыраттамасы 239075 (Эки жуз отуз тогуз мин жетимиш беш) сом менен бекитилсин.

3.    Айлык акыларынын  үзгүлтүксүз берилишин  аткарууга алуу жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн   ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

 

Р. Зарлыков