Загрузка документа…
АК КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХ сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 40/4
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын отчетун жана 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2022-2023 жылдарга болжолдуу
бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 117- беренесине ылайык Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү,2022-2023 жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комитеттин жана ФЭБ башчысы-башкы эсепчи Р.Калмамбетованын отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү боюнча 13106,2 м сом, чыгашалар бөлүгү 14553,2 м сом аткарылгандыгы бекитилсин.
2.2022-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгүнөн 9204,7 м.сом, мунун ичинен жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелер 5033,6 м. сом,тендештирүүчү грант 4171,1 м. сом жана чыгашалар бөлүгү 9204,7 м.сом белгиленсин.
3. 2023-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгүнөн 9336,6 м сом,мунун ичинен жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелер 5137,6 м сом,тендештируучу грант 4199,0 м сом жана чыгашалар бөлүгү 9336,6 м.сом белгиленсин.
4. 2021-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү 8948.2 м.сом жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелер 4903,6 м.сом, тендештирүүчү грант 4044,6 м.сом жана чыгашалар бөлүгү 8948,2 м сом өлчөмүндө бекитилсин.
Киреше бөлүгү 2021-жылга төмөндөгүдөй бекитилсин:
№ | Классификация | Салык түрлөрүнүн аталышы | Сумма мин сом менен |
| |||
1 | 11111100 | Киреше салыгы | 2264.0 |
2 | 11121100 | Бирдиктүү салык | 4,3 |
3 | 11122100 | Милдеттүү патенттен түшүүчү салык | 119,0 |
4 | 11122200 | Ыктыярдуу патенттен түшүүчү салык | 200,0 |
5 | 11311200 | Кыймылсыз мүлккө салык 2гр | 26,0 |
6 | 11311300 | Кыймылсыз мүлккү салык 3гр | 1,3 |
7 | 11312120 | Транспорттук салык | 495,0 |
8 | 11321100 | Короо ,жер участок.пай.үчүн жер сал. | 110,0 |
9 | 11321200 | Айыл чарба жер.пайдал.жер салык | 275,8 |
10 | 11321300 | А/ч багытында болбогон жер салыгы | 114,8 |
12 | 14151200 | Жер казынасын. лицензия | 50,0 |
13 | 14152200 | Жайыт ижарасы үчүн акы | 189,0 |
14 | 14152600 | ФПСтин аренда акысы | 82,7 |
15 | 14224200 | Тазалык жыйым | 21,7 |
|
| Бардык бюджеттик киреше | 3953.6 |
16 | 14232400 | Ата-энелерден түш.каражат | 900,0 |
17 | 14239900 | Муницип-к кызмат көрсөтүү | 50,0 |
|
| Бардык атайын каражат боюнча | 950,0 |
|
| Баардык киреше | 4903,6 |
18 | 13311200 | Тендештирүүчү грант | 4044,6 |
|
| Жалпы киреше | 8948,2 |
Чыгаша бөлүгү боюнча 2021-жылга төмөндөгүдөй бекитилсин:
Аппарат
Статьялардын | Экономик. | Суммасы |
түрлөрү | классиф-я |
|
Эмгек акы | 21111100 | 3347,1 |
Соцфондго чегерүү | 21211100 | 494,7 |
Командир.чыгым | 22111100 | 80,0 |
Телеф.фак.сим.байланыш | 22122100 | 76,8 |
Транспорттук чыгымдар | 2214 | 110,0 |
Картриждерди толтуруу | 22151400 | 20,0 |
Муницип.кызмат.окутуу | 22153100 | 6,0 |
Ар кандай чыгымдар | 22154900 | 215,4 |
Кенсе буюмдарын алуу | 22221200 | 85,0 |
Сууга акы толоо | 22311100 | 8,7 |
Эл.энергиясын акы төлөө | 22311200 | 260,5 |
Бардыгы бюджет боюнча: |
| 4704,2 |
Атайын каражаттан | 22154900 | 50,0 |
Баардыгы: |
| 4754,2 |
Клуб.
Статьялардын | Экономик. | Баары |
аталышы | классиф-я |
|
Эмгек акы | 21111100 | 186,0 |
Соцфондго чегерүү | 21211100 | 32,1 |
Эл.энергиясына акы төлөө | 22311200 | 22,5 |
Баары: |
| 240,6 |
Китепкана.
Статьялардын | Экономик. | Баары |
аталышы | классиф-я |
|
Эмгек акы | 21111100 | 293,9 |
Соцфондго чегерүү | 21211100 | 50,7 |
Эл.энергиясына акы төлөө | 22321200 | 22,5 |
Баары: |
| 367,1 |
Агартуу тармагы боюнча (мектеп)
Статьялардын | Экономик. | Баары |
аталышы | классиф-я |
|
Таш көмүр сатып алуу | 22241100 | 364,5 |
Сууга акы төлөө | 22311100 | 30,3 |
эл.энергиясына акы төлөө | 22311200 | 1119,0 |
Баардыгы: |
| 1513,8 |
Бала бакча.
Статьялардын | Экономик. | Баары |
аталышы | классиф-я |
|
Тамак-аш | 22181100 | 745,2 |
Таш көмүр сатып алуу | 22241100 | 73,5 |
Сууга акы төлөө | 22311100 | 17,6 |
Эл.энергиясына акы төлөө | 22321200 | 147,2 |
Баардыгы: |
| 983,5 |
Атайын каражаттан тамак | 2218110 | 900,0 |
Баары: |
| 1883,5 |
Жайыт
Статьялардын | Экономик. | Баары |
аталышы | классиф-я |
|
Ар кандай чыгым | 22154900 | 189,0 |
Тендештируучу гранттын эсебинен 4044,6 м.сом төмөндө көрсөтүлгөн боюнча жумшалат:
№ | Аталышы | Эмгек акы | Соц.фонд | баары |
1 | Башкаруу аппараты | 3205,3 | 494,7 | 3700,0 |
2 | Маданият тармагы | 293,9 | 50,7 | 344,6 |
| Баары: | 3499,2 | 545,4 | 4044,6 |
4. 2021-жылдын киреше бөлүгүнүн бардык түрүнөн толук аткарылышын камсыз кылуу жагы киреше боюнча башкы адис М. Сагыновага жана адис Ж .Каратокоевго, жайыт комитетинин төрагасы М.Кыдырбаевге милдеттендирилсин.
5.Бул боюнча үзгүлтүксүз жетекчилик кылуу жагы Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Турдубековго, ФЭБ башчысы Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Зарлыков |