Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 4
Эмгекчил айыл аймагынын “Арчалуу” участкасындагы көпүрөгө наам берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин тѳрагасы Б.Сураповдун билдирүүсү жана Шаакеев Эркинбек Султанмамытовичтин арызынын негизинде угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Эмгекчил айыл аймагынын “Көк-торпок” жайлоосунун “Арчалуу ” участкасындагы көпүрөгө “Шаакеев Султанмамыттын” аты берилсин.
2. Көпүрөнү ондоп-түзөө,кароо,ирээтке келтирүү жагы Шаакеев Султанмамыттын уулу Шаакеев Эркинбек Султанмамытовичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Бектуровго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Сурапов |