Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 7
«Эмгекчил айыл аймагынын Өнүктүрүү фонду» мекемесинен Эмгекчил айыл өкмөтүнүн атайын эсептик счетуна которулган акча каражатына план суроо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105 беренесинин 4-пунктунан каралган учурдан башка учурларда коммерциялык банктардан эсептик счет ачуу жол берилбегендиктен 2021-жылдын 22-январында «Эмгекчил айыл аймагынын Өнүктүрүү фонду» мекемесинен Эмгекчил айыл өкмөтүнүн атайын эсептик счетуна 1 551 304,5 (бир миллион беш жүз элүү бир миң үч жүз төрт сом 50 тыйын) сом акча каражаты которулуп берилген. Эмгекчил айылдык кеңешинин чечими менен бул каражатты инфраструктураны жакшыртууга (чарбалык курулуштарды жургүзүү үчүн) жумшоого багытталды. Ошол себептен, жогорудагы маселе боюнча сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен айылдык кеңеш токтом кылат:
1. 1 551 304,5 (бир миллион беш жүз элүү бир миң үч жүз төрт сом 50 тыйын) сом акча каражатын жайгаштырууга Эмгекчил айыл өкмөтүнүн атайын эсептик счет 4405011253008012) (14411100 спонсордук жардам төлөм кодуна) счетуна план суралсын.
2. Ушул токтомдун биринчи пунктунда көрсөтүлгөн суммадагы акча каражатын атайын эсептик счетунан планга жайгаштырып берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Сурапов |