Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2021-жылдын 18-февралы № 5
Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл башынан калган калдык акча каражатын бөлүп берүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин тѳрагасы Б.Сураповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен айыл өкмөтүнө жүк ташуучу автоунаа алуу үчүн жыл башынан калган калдык акча каражатынан 1 500 000 (бир миллион беш жүз мин сом) бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Бектуровго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Сурапов |