Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2020-жылдын 5-февралы № 1
Эмгекчил айыл аймагында шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү жѳнүндѳ
Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу боюнча, ”Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-22 беренелерине ылайык,Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагындагы № 4037 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү максатында,
эмгек жамааттарынан,шайлоочулардан,коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, айылдык кеңештин тѳрагасы Б.Сураповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагындагы № 4037 участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин жаныртып түзүү максатында,эмгек жамааттарынан,шайлоочулардан, келип түшкөн сунуштарга ылайык,тизмедеги жарандар № 4037 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын.(курамы тиркелет)
2. Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Нарын аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Төрага | Б.Сурапов |