Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2020-жылдын 25-февралы № 1
Жер участогун которууга (трансформациялоого) макулдук берʏʏ жѳнүндѳ
Эмгекчил айыл аймагынын Кара-Бʏк участкасындагы № 2192 контурунда жайгашкан айыл чарба багытындагы жер аянтынан, жеке ишкер Жакшылыков Курманбек Асанбекович 1(бир) гектар аянтын жеке менчикке алган. “КыргызМамжердолбоорлоо”мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасынын республикалык топурак-агрохимиялык станциясынын 2019-жылдын 30-майындагы № 01-30/365 аныктамасына ылайык, бул жер жердин категориясы боюнча -айыл чарба багытындагы жерлер, түрү боюнча – курулуш, короо жана көчөлөрдүн алдындагы жерлер (ипподпром).
Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жɵнʏндɵ”
мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтʏнʏн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жɵнʏндɵ” убактылуу Жобонун негизинде жана күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин тѳрагасы Б.Сураповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Эмгекчил айыл аймагынын Кара-Бʏк участкасында жайгашкан №2192 контурундагы жер аянтынан жеке ишкер Жакшылыков Курманбек Асанбекович 1(бир) гектар жеке менчик жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер”
категориясындагы жер участогун,”Ɵнɵр жайынын,транспорттун,
байланыштын, энергетиканын,коргонуунун жерлери жана башка,
багыттагы жерлер”категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде тийиштʏʏ иш алып баруу жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл ɵкмɵтʏнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ɵзʏмɵ калтырамын .
Төрага | Б.Сурапов |