Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эмгекчил айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2020-жылдын 10-апрели № 2
Эмгекчил айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү жѳнүндѳ
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин тѳрагасы Б.Сураповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Эмгекчил айыл аймагында Коронавирус илдетин алдын алуу боюнча түзүлгөн штабынын 10-апрель 2020-жылдагы отурумунун №5 протоколунун негизинде, айыл ичиндеги тартипти көзөмөлдөөнү колго алуу үчүн,баардык соода дүкөндөрү эртен мененки саат 08-00 дөн,кечки саат 18-00 гө чейин соода кылууга чектөө киргизилсин.
2. Коронавирус илдетин алдын алуу жана Жарандык коргонуунун уюштуруу иштери бүткөнгө чейин спирт ичимдиктери сатылбасын жана мас абалында жүрүүгө тыюу салынсын.
3. Мыйзам бузган учурларда административдик айып салынаары эскертилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы И.Мукамбетовго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Сурапов |