Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 1998-жылдын 21-сентябры № 124
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-статья.
1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 18-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Он төрт жашка толгон балдар киши өлтүрүү (97-статья), саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү (104-статья), саламаттыкка атайылап анча оор эмес оор залал келтирүү (105-статья), адамды уурдоо (123-статья), зордуктоо (129-статья), сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (130-статья), уурдоо (164-статья), мал уурдоо (165-статья), тоноо (167-статья), каракчылык (168-статья), башка бирөөнүн мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо (169-статья), опузалап талап кылуу (170-статья), автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу (172-статья), өрттөө аркылуу, башка жалпыга коркунучтуу ыкма менен же оор кесепеттерге алып келүү менен мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу (174-статьянын экинчи бөлүгү), терроризм (226-статья), барымтага кармоо (227-статья), оордотуучу жагдайлардагы хулиганчылык (234-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү), вандализм (235-статья), ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу (245-статья), башкага берүү максатында баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же өткөрүү (247-статья), баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу (248-статья), транспорт каражаттарын же жол катнашын жараксыз абалга келтирүү (283-статья) үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат".
2. 43-статьянын төртүнчү бөлүгүнүн 6-пунктунан "өкүм чыгарылган учурга карата он алты жашка толбогон" деген сөздөр алынсын.
3. 50-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Өлүм жазасы аялга жана жашы жете элек кезде кылмыш жасаган балага карата колдонулбайт".
4. 59-статьяда:
төмөндөгүдөй мазмундагы жаңы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"(3) Эгерде кылмыштар жыйындысына кирген, аларга карата ушул Кодексте алмаштыруу (эсепке алуу) мүмкүнчүлүгү каралбаган кылмыштар үчүн ар кандай түрдөгү жазалар белгиленсе, алар өз алдынча аткарылат";
үчүнчү бөлүгү төртүнчү бөлүк деп эсептелсин.
5. 60-статья төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"(3) Эгерде кылмыштар жыйындысына кирген, аларга карата ушул Кодексте алмаштыруу (эсепке алуу) мүмкүнчүлүгү каралбаган кылмыштар үчүн ар кандай түрдөгү жазалар белгиленсе, алар өз алдынча аткарылат".
6. 78-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"78-статья. Жашы жетпегендерге колдонулуучу жазанын түрлөрү
Кылмыш жасаган жашы жетпегендерге жазалардын төмөндөгүдөй гана түрлөрү:
1) айып;
2) үч эселенген айып;
3) камакка алуу;
4) эркиндигинен ажыратуу колдонулушу мүмкүн".
7. 80-статьянын экинчи бөлүгү алынсын.
8. 81-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"81-статья. Жашы жетпегенди камакка алуу
(1) Камакка алуу кылмыш жасаган учурга карата он алты жашка толгон жашы жетпегенге карата бир айдан үч айга чейинки мөөнөткө колдонулат".
9. 83-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "4" деген цифра "3" деген цифра менен алмаштырылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
1998-жылдын 9-сентябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |