Редакцияот 19.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

 

2021-жылдын 19-августу № 4/1

Семиз-Бел айыл аймагындагы билим берүү мекемелериннин 2021-2022-окуу жылына карата даярдыгын кароо жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык Семиз-Бел айылдык кеӊеши, токтом кылат:

 

1. Семиз-Бел айыл аймагындагы баардык билим берүү мекемелериннин 2021-2022-окуу жылына карата даярдыктары план боюнча,туруктуу комиссиялар тарабынан жеринде каралып чыккандыгы белгиленсин.

 

2. 2021-2022-окуу жылына карата К.Темиров атындагы орто мектебинин комфоркасы күйүп кеткендиктен жана Т.Сагынбаева атындагы орто мектебинин трансформатору күйүп кеткендиктен,Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин суу чыгаруучу нассосу күйүп кеткендиктен, окуу жылын баштоого даяр эместиги аныкталды деп табылсын.

 

3. Аталган көйгөйлөрдү чечүү жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысыБ.Акишовго милдеттендирилди деп табылсын. 

Төрага

Б. Намазбек уулу