Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 19-августу № 4/3
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жарандардан келген арыз даттанууларга өз убагында берилип жаткан жооптор жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Семиз-Бел айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнө,жарандардан келип түшкөн кээ бир арыз даттанууларга өз убагында жооп берилбегендиги аныкталды деп табылсын.
2. Бул маселени чечүү жагы айыл өкмөт башчысы –Б.Акишовго милдеттендирилгендиги белгиленсин.
Төрага | Б. Намазбек уулу |