Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы
2021-жылдын 17-майы № 1/4
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасын шайлоодо добуш берүү жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айылдык кеӊеши, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37-беренесинин 4,5,6,7 – пункуттарына ылайык жана Семиз-Бел айылдык кеӊешинин Регламентинин 5-главасынын негизинде депутат Э.Эгинбаев жана депутат Мырзабек уулу Акылбектин сунушу менен сунушталган депутат Н.Кадыбаев жана депутат Намазбек уулу Бектурсунга жүргүзүлгөн шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын 17-май 2021-жылдагы № 1 протоколун угуп, Семиз-Бел айылдык кеӊешинин сессиясы, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айылдык кеӊешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын 17-май 2021-жылдагы № 1 протоколу бекитилсин.
2. Семиз-Бел айылдык кеӊешинин депутаттарынын көпчүлүк 12(он эки) добушун алган депутат Намазбек уулу Бектурсун төрага болуп шайланды деп табылсын.
3. Бул токтом Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Төрага |
А. Исраилова |