Редакцияот 08.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз II -сессиясы

 

2021-жылдын 8-июну № 2/3

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Арсы айылындагы бала-бакчаны ремонттоо үчүн долбоордук сунушту кароо жөнүндө

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеӊешинин депутаттарынын VII чакырылышынын Кезексиз II сессиясынын жүрүшүндө, Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Арсы айылындагы бала-бакчаны ремонттон өткөрүү үчүн,депутат-Сыргак уулу Азизбектин баяндамасын  угуп жана талкуулап,айылдык кеӊеши токтом кылат:

  1. COVID-19 пандемиясына байланыштуу Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында,Нарын облусунун Кочкор районунун Арсы айылынын фокус топтору жана калкы менен онлайн платформа аркылуу талкуулашып,келип чыккан “Мектеп жашына чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртуу (Арсы айылындагы бала-бакчаны ремонттон өткөрүү,эмерек инвентерь,санитардык гигиеналык түйүндү жана электр чубалгыларын оңдоону сатып алуу)” чакан долбоордук сунуш колдоого алынсын жана АРИСке сунушталды деп табылсын.
  2. Долбоордук сунушта көрсөтүлгөн 3,75 пайыздан кем эмес акча каражаты өздүк салым катары,каралгандыгы белгиленсин.
  3. Алдын ала макулдашуу каты даярдалсын

 

Төрага

 

Б. Намазбек уулу