Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз III -сессиясы
2021-жылдын 18-июну № 3/4
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2021-жылга карта өздүк салымга бөлүнгөн акча каражатын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 103-беренесине ылайык,Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеӊешинин баяндамачысынын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин аймагына тиешелүү,Чекилдек айылынын клубун капиладык ремонттоодон өткөрүү боюнча,мамлекеттик стимулирующий грантка өздүк салым катары каралган 500(беш жүз миң) сом акча каражатынан, 450 (төрт жүз элүү миң) сом акча каражаты №3111 сатясы, 4405051251003882 эсеп счетунан которулуп берилсин деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы-А.Касымовага милдеттендирилгендиги белгиленсин.
Төрага |
Б. Намазбек уулу |