Редакцияот 23.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХХХI -сессиясы

 

2021-жылдын 23-марты № 41/3

Кочкор айыл ѳкмѳтү менен түзулгѳн келишимдин мѳѳнѳтүн узартуу жөнүндө

 

Семиз-Бел айыл аймагына караштуу Семиз-Бел айылынын «Чычканчы» участкасынан №248,3 контурундагы эски карьердин ордунан 1(бир) га асылдуулугу тѳмѳн таштак жерин катуу турмуш тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн полигонго келишимдин негизинде Кочкор айыл ѳкмѳтүнүн пайдалануусуна берүү жѳнүндѳгү Семиз-Бел айыл башчысынын малыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел  айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1. Семиз-Бел айыл ѳкмѳтү менен Кочкор айыл ѳкмѳтүнүн ортосунда түзүлгѳн келишим мѳѳнѳтү 1(бир) жылга узартылсын жана Семиз-Бел айылынын «Чычканчы» участкасындагы №248,3 контурунан 1(бир) га эски карьердин ордунан асылдуулугу тѳмѳн таштак жерин Кочкор айыл ѳкмѳтүнѳ катуу тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн полигонго келишимдин негизинде 1(бир) жылдык мѳѳнѳткѳ пайдаланууга берилсин.

 

2. Семиз-Бел айылынын «Чычканчы» участкасынан эски карьердин ордунан катуу турмуш тиричилик калдыктарын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн эки тараптуу келишим бекитилсин.

 

3. Келишимдин негизинде пайдаланууга берилген жер участкасынан түшкѳн каражаттарды Семиз-Бел айылынын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалсын жана түшкѳн каражаттарды ѳз убагында которуп берүү жагы айыл ѳкмѳтүнун ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.

 

4. Кочкор райондук мамлекеттик салык кызматынын 30-январь 2020-жылдагы чечиминин негизинде,бѳлүнүп берилген жердин 2020-2021жылдары үчүн айыл чарбасына жараксыз багытындагы салыгын тѳлѳп туруу жагы Кочкор айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин тѳрагасына  тапшырылсын.

 

Төрага

 

Р. Базаркулов