Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХХХХ -сессиясы

 

2021-жылдын 4-марты № 40/01

Семиз-Бел айыл аймагынын тургундарына «Ардактуу атуул» жана «Ардактуу асыл апа» наамдарын берүү жөнүндө

 

Семиз-Бел айыл аймагын айыл ѳкмѳтүнүн тургундарына «Ардактуу атуу» жана «Ардактуу асыл апа» наамдарын берүү жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеӊешинин депутаттарынын сунуштарын жана айыл тургундарынын тиешелүү документтерин карап талкуулап, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын 37-беренесинин 8-пункутуна ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеӊеши, токтом кылат:

 

1. Семиз-Бел айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы Кара-Тоо айылынын тургуну Бөлөкбаева Зарылбүбү Азыковнага жана Семиз-Бел айылынын тургуну Исабаева Зарылбүбү Байбековнага берилсин.

 

2. Семиз-Бел айыл аймагынын «Ардактуу асыл апа» наамы тѳмѳндѳгү айыл тургундарына берилсин.

Кара-Тоо айылынын тургундары Жарбаӊбаева Эрмек, Кулчунова Күлайым, Жетигенова Күлбүбү, Мааткаева Орозбүбү, Абдысатарова Бурул;

Семиз-Бел айылынын тургундары Төкүлова Сейилкан, Өмүрова Салкынай, Дүйшөналиева Турсун;

Чекилдек айылынын тургундары Айылчиева Батмабүбү, Шайдинова Дамира, Иманалиева Чынаркүл;

Арсы айылынын тургундары Дүйшекеева Салика, Исманакунова Турганбүбү, Базаркулова Айша.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмѳлдѳѳ туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

 

Р. Базаркулов