СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХХVII -сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 37/2
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга карата жүргүзүлгөн иштери жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Т.Дыйкановдун 2019-жылга карата аткарган иштери жөнүндө башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга карата аткарган иштери жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы Т. Дыйкановдун отчету «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
2. 2021-жылга карата малдын санын тактоо менен малдын башына жараша бюджетти бекитүү жана алыскы жайыттарды толук пайдалануу менен малчыларды график боюнча көчүрүү жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р. Базаркулов |