Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХХVII -сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 37/4
«Кочкор райондук Таза-Суу» муниципалдык ишканасы жөнүндө
«Кочкор райондук Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын уставына ылайык уюштуруучулары болгон Кочкор районунун 11 айыл өкмөтүнүн катышуусундагы 15-декабрь 2020-жылдагы №1 протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесине ылайык, Семиз-Бел айылдык кеӊеши, токтом кылат:
1. Кочкор районунун 11 айыл өкмөтүнүн катышуусундагы 15-декабрь 2020-жылдагы № 1 протоколунун негизинде «Кочкор райондук Таза-Суу» муниципалдык ишканасы жоюлсун.
2. Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин 13-ноябрь 2014-жылдагы кезексиз XVII-сессиясынын № 17/2 токтому жокко чыгарылсын.
3. «Кочкор райондук Таза-Суу» муниципалдык ишканасы Кочкор айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүлүп берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р. Базаркулов |