Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХХVIII -сессиясы
2021-жылдын 22-январы № 39/1
Арсы айылындагы «Чийник» участкасындагы №447-контурундагы 2,0 га сугат айдоо жерин «Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан», «калктуу конуштардын жерлери категориясына» которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу ыйгарым укуктуу органдарынын же алардын укук мурастоочусу болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которуунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу №512 токтомуна, жана Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 18.01.2021-жылдагы “Чийник” участкасындагы 2,0 га жер аянтын изилдөө жүргүзгөн актысын жетекчиликке алып, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1.Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 04.04.2018-жылдагы «Арсы айылына мектеп куруу үчүн жер янтын бөлүү жөнүндөгү» №54-буйругунун негизинде тийиштүү мамлекеттик органдардын корутундулары даярдалгандыктан,“Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институту мамлекеттик ишканасынын 28.01.2021-жылдагы № 01-13/30 сандуу каты менен аныктаган инв. № 447-контурундагы 2,0 га сугат айдоо жерине жалпы билим берүү обьектисин куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан” “Калктуу конуштардын жерлери категориясына” которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169-токтому менен бекитилген «Жер участокторун (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» убактылуу Жобого ылайык, жер отчетуна өзгөртүүкиргизип, укуктук күбөлөндүрүүчү документтерин тактап берүү жагы райондук мамлекеттик администрациясынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) иштеринжүргүзүү комиссиясынан жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кочкор филиалынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмдөө жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Базаркулов |