Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезексиз V сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 16-августу № 1
Исфана шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын болуу жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын алдындагы мунипипалдык менчик департаментинин 2021-жылга карата бекитилген бюджетинин 3111 статьясынын эсебинен тунку жарыктандырууну курууга оздук салым катары 244 172 (эки жүз кырк төрт мин бир жүз жетимиш эки сом ) сом куруучу ишкананын оздук эсебине которулуп берилсин.
2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин бюджет, экономика, онор жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |