Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезексиз V сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 16-августу № 2
Исфана шаардык кеңешинин 2013-жылдын 27-февралындагы «Исфана шаарынын аймагындагы маданий билим беруу жана ушул сыяктуу обьектилердин аталыштарын беруу жана жаныча аталыш беруу жонундо» №2/5 токтому менен бекитилген Жобого озгортуу жана толуктоолорду киргизуу жонундо
"Исфана шаарынын аймагындагы маданий билим беруу жана ушул сыяктуу обьектилердин аталыштарын беруу жана жаныча аталыш беруу жонундо» Жобого озгортуу жана толуктоолорду киргизуу жонундо сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31 -беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Исфана шаарынын аймагындагы маданий билим беруу жана ушул сыяктуу обьектилердин аталыштарын беруу жана жаныча аталыш беруу жонундо» Жобонун 1 иунктунда корсотулгон "5 жыл" деген соз "3 жыл" болуп озгортулсун жана ушул эле пунктка акыркы обзац болуп "Озгочо учурларда жана кырдаалдарда аскер, чек ара кызматкерлери жана укук коргоо кызматкерлери мамлекеттин бутундугун коргоо учурунда каза болгондордун ысымдары ыйгарылышы мумкун" деген текст киргизилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кенешинин жана мэриясынын www.isfanacitv.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |