Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезексиз V сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 16-августу № 3
Исфана шаардык кеңешинин денутаттарынын сунуш катын кароо жонундо
Исфана шаардык кеңешинин депутаттарынын сунуш катын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышмнын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттар тарабынан тузулгон АКТ ондурушко алынсын жана он кундук моонот ичинде аткаруу жана АКТта корсотулгон масалелерге мыйзам чегинде чараларды коруу жагы Исфана шаарынын мэри Ч.Рысовго милдеттендирилсин жана корсотулгон моонотто аткарылган иш-чаралар боюнча шаардык кеңешке маалымат берилсин. (АКТ тиркелет)
2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп. Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын isfanasity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |
| Приложение |
АКТ
Исфана шаары | "30"июль 2021-жыл. |
Биз төмөндө кол коюуп, АКТ түзүүчүлөр - Исфана шаардык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы И.Маматкулов, Исфана шаардык кенешинин депутаттары, комиссиянын мүчөлөрү А.Халилов, Ж.Якубжанов, Д.Худойназаров, А.Разакбердиев, Т.Джоошбаев, Исфана шаарыньш мэриясынын жайыт комитетинин төрагасы Х.Мамыров, Исфана шаарынын мэриясынын юристи Э.Ахматов, Исфана шаардык кеңешинин жетектөөчү адиси Ф.Хашимов болуп, төмөнкүдөй АКТ түзөбүз:
Себеби: Исфана шаарынын Беш-бала, Самат, Мурза-Патча айылдарынын тургундарынын атынан жана Шор-Булак участкасындагы жайыт жерлердин пайдалануучуларынын атынан оозеки кайрылуусунун негизинде жогорудагы комиссиянын курамы менен барып жайында көргөнүбүздө төмөнкүдөй болуп чыкты:
Исфана шаарыңа караштуу Беш-Бала, Самат, Мурза-Патча айылдарынын тургундары таза сууга болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөгөндүгүнө карабастан, Чимген, Самат, Мурза-Патча айылдарына Сүлүктү шаар мэриясынын "Таза Суу" муниципалдык ишканасы тарабынан таза суу менен камсыз кылуу жагы начар болууда. 30 % жеңилдик менен таза суу бериш керек эле. Бирок тилекке каршы Сүлүктү шаардык кеңешинин аталган айылдарга 30 % өлчөмүндө жеңилдик берүү боюнча 2018-жылдын 13-сентябрында чыгарган №68 токтомун Сүлүктү шаар мэриясынын "Таза Суу" муниципалдык ишканасы аткарган эмес жана бүгүңкү күнгө чейин эки жыл бою то лук бойдон алып келген.
Аталган айылдарга Чимген айылынан Самат айылына чейин Исфана шаар мэриясына караштуу суу түтүктөрү тартылган. Таза суу линиясы менен жогорудагы айылдарга өзүбүзгө таза суу берсек болот. Ушул таза суу түтүктөрдү тез арада оңдоону Исфана шаар мэриясына сунуш кылабыз.
Ошондой эле, Сүлүктү шаар мэриясынын элин таза суу менен камсыз кылуу боюнча Сүлүктү шаар мэриясынын "Таза Суу" муниципалдык ишканасынын суу түтүктөрү Исфана шаар мэриясынын Шор-Булак участкасы аркылуу өтүп жүргөнү белгилүү. Бирок, өтүүчү линия боюнча Исфана шаар мэриясы менен түзүлгөн бир да келишими жок. Исфана шаар мэриясынын Шор-Булак участкасындагы короолорго берилип жаткан таза суу өтө кымбат баада берилип жатат. Шор-Булак участкасындагы мал жандыктары суу ичип жаткан булак Сүлүккө толуп кеткен.
Чимген айылындагы мектеп балдар өтүүчү көпүрө талкаланып, жараксыз абалда болгондуктан, балдардын каттосу кооптуу. Ошол көпүрөнү 2022-жылдын СРС программасына киргизүү жагын сунуштайбыз.
Ал эми, Исфана шаар мэриясынын жайыт жерлеринин эсебинен Серпая учуасткасынан 29 контурда турган болжол менен 5 га жайыт жери мыйзамсыз тосуп алынган. Эч кандай документа жок. Сүлүктү шаар мэриясынын Макаевка участкасы менен чектеш 6/18 шахтасынын айланасындагы Исфана шаар мэриясына караштуу жерлерден элдер тарабынан көмүр үчүн чуңкурлар өз алдынча казылып, көмүрдү сактоо үчүн жай кылынган. Исфана шаар мэриясынын 7 контурдан 11 контурга чейинки болжол менен 20 гектарга жакьш жерди Сүлүктү шаар мэриясынын Таза Суу" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз тартипте алынган. Ошондой эле, Сүлүктү шаар мэриясынын "Таза Суу" муниципалдык иншанасы таза суу сактоочу жайдын айланасын мыйзамсыз тартипте тосуп алган. Тийиштүү кызматкерлери тарабынан короо жай садынып алынган. Сүлүктү шаарынын тургуну Матазимов Абдималик жайыт жерге мыйзамсыз короо жай куруп, таза суу чыгарып алган. Исфана шаар мэриясына караштуу жайыт жнрлерде Сүлүктү шаарына тиешелүү бир канча жүздөгөн малдар жайылып жүрөт. Ошондой эле, Исфана шаар мэриясына караштуу Серпая участкасындагы 1-контурга мыйзамсыз короо жай салынып алынган. 14, 48 50, 58, 60, 64, 70 контурларынын айланасынан болжол менен 100га дан ашык жерлер мыйзамсыз тосуп алынган. 12-контурдан 60 еотукка жакын жайыт жер Сүлүктү шаарынын тургуну Кадыров Салимбай тарабынан уруксатсыз мыйзамсыз тартипте тосуп алынган. Жайыт жер бузулуп, суу чыгарыи алыньш эгин эгип алган. Натыйжада Исфана шаар мэриясынын бюджетине бир топ өлчөмдө финансылык жана башка жактан зыян келтирилген.
Ошондуктан, жогорудагы аныкталган маселелер жана Исфана шаар мэшясынын жайыт комитета жана башка тийиштүү адистиктер тарабынан ^тирилген кемчнликтер боюнча мыйзам чегинде маселе каран, тийиштүүлерге чара көрүү жана мыйзамсыз тосулган жерлерди ачып берүү, ошондой эле аткарылган иштер боюнча жазуу түрүнде маальшат берүү жагьш Исфана шаар мэриясына, көзөмөлдөөнү жана маселени кезектеги сессияга альш чыгууну Исфана шаардык кеңешине жана Исфана шаардык кеңешинин тийиштүу комитетгерине сунуштайбыз.
Жогорудагы АКТ туура деп, АКТка кол коюучулар:-
Комиссиянын төрагасы:- | И.Маматкулов |
Комиссиянын мүчөлөрү:- | А.Халилов Ж.Якубжанов Д.Худойназаров А.Разакбердиев Т.Джоошбаев Х.Мамыров Э.Ахматов Ф.Хашимов |