Редакцияот 14.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин кезексиз I сессиясы (VI чакырылышы)

2021-жылдын 14-майы № 2

Исфана шаардык кеңешине шайланган депутаттардын тизмесин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 37 жана 40- беренелеринин негизинде Баткен областынын Лейлек районунун Исфана шаардык Кенешинин депутаттарын каттоо боюнча Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу отурумунун 2021-жылдын 7-майындагы №86 чечимин угуп жана талкуулап Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын I сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Баткен областынын Лейлек районунун Исфана шаардык кеңешинин депутаттарын каттоо боюнча Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу отурумунун 2021-жылдын 7-майындагы №86 чечими аткарууга алынсын жана жаңыдан шайланган депутаттардын тизмеси бекитилсин. ( Тизме тиркелет)

 

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин төрагасына, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.

 

Төрага:

 Б.Т. Сапаев