Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезексиз I сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 14-майы № 3
«Исфана шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө»
Исфана шаардык кеңешинин Регламентинин долбоорун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 11-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык кеңешинин Регламенти озгортуу жана толуктоолор менен бекитилсин (Регламент тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Шаардык кеӊештин V чакырылышынын 2017-жылдын 4-январындагы 1 сессиясында кабыл алынган № 3 токтомдун күчү жоготулсун деп эсептелинсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |