Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезексиз I сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 14-майы № 5
Исфана шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесинин 1–пунктунун жана Исфана шаардык Кеңешинин Регламентинин 3-главасынын 4-пунктунун негизинде Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп «Кыргызстан Элдеринин демократиялык партиясы» саясий партиясынан Момунова Гулмайрам Абдихалиловна жана «Мурас» саясий партиясынан Максутова Эркеайым Бурукуловналар шайлансын.
2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин төрагасына, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |