Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезексиз IV сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 28-июлу № 2
Муниципалдык менчик департаментине караштуу фронтальный погрузчик “SHANTUI SL50WN” унаасынын кызмат көрсөтүү тарифин бекитип берүү жөнүндө.
Муниципалдык менчик департаментине караштуу фронтальный погрузчик “SHANTUI SL50WN” унаасынын кызмат көрсөтүү тарифин бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчик департаментине караштуу фронтальный погрузчик “SHANTUI SL50WN” унаасынын акылуу кызмат көрсөтүүнүн тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин. (тариф тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |
| Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 2021-жылдын 28-июлундагы №2 токтомуна тиркеме. |
Бекитемин Исфана шаардык кеңешинин төрагасы ____________ Б.Т. Сапаев “_____”______________ 2021-жыл. | Бекитемин Исфана шаарынын мэри
_____________ Ч.А. Рысов “_____”______________ 2021-жыл. |
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти 2021-жылда сатып алган Фронтальный погрузчик SHANTUI SL50WN тарабынан чарбалык жумушту аткаруу боюнча 1саатка (мото/час) болгон пландалган расчеттук баасы.
№ к/н | Берене | Өлчөм бирдиги | Чыгымдардын ставкасы | Баасы | Жалпы |
1 | Амортизациалык чыгым | мото.саат |
| 486 | 486 |
2 | Ремонттоо жана техникалык кызматы | мото.саат |
| 197,68 | 197,68 |
3 | Тез жок болчуу тетиктерин алмаштыруу (күйүүчү май) | мото.саат |
| 292,68 | 292,68 |
4 | Айдоочунун эмгеги | мото.саат | 1,00 | 273,68 | 273,68 |
5 | Дизельдик күйүүчү май | мото.саат | 30 | 52 | 1560 |
6 | Майлоочу майлар | мото.саат |
| 90,33 | 90,33 |
7 | Гидравликалык суюктуктар | мото.саат | 0,23 | 300 | 69 |
8 | Жеткирүү (Перегон) | мото.саат | 1 | 38,15 | 38,15 |
| Баардыгы | мото.саат |
|
| 3007,52 |
| Кошумча чыгымдар | мото.саат | Кошумча чыгымдар 30% | 901,94 | |
|
|
| 1 мото/саатка болгон чыгымдар | 3909,46 | |
|
|
|
|
| |
ММДнин башчысы: | Ж.А. Кадыров |