Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезексиз IV сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 28-июлу № 3
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык жаштар борборуна штаттык бирдик бекитип берүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык жаштар борборуна кошумча штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык жаштар борборуна 1(бир) штаттык бирдик бекитилсин.
2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |